Биз менен байланышыңыз

Президент: Мекен чегин жан аябай коргоого даяр инсан гана чек арачы боло алат

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 508 | 0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгы жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленүүдө. Буга арналган салтанаттуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы чек ара кызматы өлкөнүн сырткы чептерин коргоонун ишенимдүү кепили катары калыптанганын айтып, чек арачылар баатырдык барактарга толгон сыймыктуу тарыхын жаратканын белгиледи.

«Чек арачы болуу, Ата Мекендин сырткы чегин коргоо — өтө татаал, бирок өзгөчө сыймыктуу миссия. Өз Мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылат. Чек арадагы кызматтын басымдуу бөлүгү, географиялык оор шартта, ар кандай сырткы күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери такай кайталанып турган заставаларда өтөт. Мекен чегин жан аябай коргоого даяр болгон инсан гана чек арачы боло алат», — деди президент.

Ошондой эле, ал өз кызматын аткарып, баатырларча курман болгон 39 чек арачыны эскерди.

«Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан мезгилде чек араны коргоодон өткөн ыйык милдет жок. Мамлекеттик чек арабызга, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнө учурда аскердик эмес, көбүнчө криминалдык жана экстремисттик-террористтик мүнөздөгү коркунучтар жаралып жатат», -деди өлкө башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM