Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 413 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи.

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча жол картасы ишке ашырылууда.

Сооронбай Жээнбеков Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM