Биз менен байланышыңыз

Юристанбек Шыгаев кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 622 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Эске салсак, буга чейин Юристанбек Шыгаевдин музейдеги сүрөттү жараксыз абалга келтиргени боюнча атайын комиссия иликтеп чыккан болчу. Муну экс-директор өзү да мойнуна алып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Эске салак, буга чейин директор Юристанбек Шыгаевдин музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Лошадь с собакой», жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтаргандыгы социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM