Биз менен байланышыңыз

Тармактык комитет элчиликке талапкерлердин сунушталышын колдоду

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 868 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана коргонуу комитети Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигине Эрмек Ибраимовдун, ал эми Улуу Британиядагы элчилигине коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоду.

Талапкерлерди Тышкы иштер министрлиги сунушталган.

Талкуу учурунда депутат Максат Сабиров дипломаттар, адистер дайындалышы керектигин айтты. Ал эми анын кесиптеши Каныбек Иманалиев жарандык позициясы бекем адамдар мамлекетке пайда алып келет деген пикирин билдирди.

Комитет депутаттарынын көпчүлүгү бул талапкерлердин сунушталышын колдоду.

Буга чейин Эрмек Ибраимов Чехия, Словакиянын жана Польша менен Венгрияны айкалыштырган элчиси болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM