Биз менен байланышыңыз

Сагынбек Абдрахманов: Алмазбек Атамбаевдин 6-апрелде өткөргөн форуму легитимсиз

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 489 | 0

КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6-апрелде өткөргөн форумун легитимсиз деп сыпаттады. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында билдирди.

«Эгерде мен сотко берсем, утуп чыгам. Себеби, Атамбаев 3-апрелде эле Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагалыгынан кеткен. Бирок ал өзүнүн байлыгына чиренип, элден жеген акчаларына телеканалдарды ачып койгон», — деди ал.

Атамбаевге 7 Апрель, 7-канал жана маалыматтык сайт караштуу экенин Сагынбек Абдрахманов кошумчалады.

«Куу, начар адамдын мындай кадамдары туура эмес. Атамбаев партияны экиге бөлүп, туңгуюкка такаган. Атамбаев Ирина Карамушкина, Мискенбаев, Асел Кодуранованы да сатып кетет! Андан баарын күтсө болот. Кыйын күндө таштап жатканы да, акылга сыйбаган иш. Мен Атамбаевден коркпойм!» — деди КСДП лидери.

Сагынбек Абдрахманов кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп,  Кыргызстандан чыгып кетишине Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM