Биз менен байланышыңыз

Атамбаев КСДПнын лидерлигине кайра келиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 480 | 0

Конституциялык палата экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө кабыл алынган мыйзамды КСДПнын пайдасына чечип берсе, экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан партиянын лидерлигине келет. Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев КСДПнын лидерлигинен толук кетип, партиядагы мүчөлүгүн токтотту.

Касымбеков буга кошумча, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын артка иштеши туура эмес экенин белгиледи.

Мындан сырткары, азыркы бийлик да УКМКнын төрагалыгына талапкер сунуштоону кечиктирип, мыйзам бузуп жатканын кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM