Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 844 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду. Ал Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, Матраимовдун мүлкүн текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

Финполициянын төрагасы Бакир Таиров экономикалык кылмыштарды ачуу жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымдады.

Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн январь айында текшере баштаган.

2018-жылдын 19-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйында Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу далилдер болсо, текшерүүгө алынарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM