Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы күрөш дале уланууда. Акыркы суткага карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 34 миң 512ге жетти. Ошол эле учурда коронавирус дагы кайсы мезгилге чейин уланары белгисиз бойдон калууда. Мындан улам коронавирус жараткан кризистик кырдаалда акчага кандай мамиле болуш керек? Мындан ары акчаны кантип туура сактоо керектиги боюнча Kyrgyz Concept ишканасынын негиздөөчүсү, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев жооп берди.
Эл коомдук бюджетке сабаты жетиштүү болсо, анда жетекчилерин тартипке тарта алмак
Пандемия акчага болгон сабатсыздыкты көрсөтүп жатат. Жөнөкөй адамдардын сабатсыз экени белгилүү, бирок өзгөчө мамлекетибиздин башында тургандар сабатсыз экендигин көрсөттү. Жөнөкөй адамдардын акчага болгон мамилеси, билими же билимсиздиги бул жетекчилерден көз каранды. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин жетекчилерибиз, мамлекетибиз эл топтоп, тапшырып берген мамлекеттик бюджетке өтө сабаттуу, жоопкерчиликтүү мамилесин көрсөтө алган жок. Мындан улам көп сын-пикир айтылып жатат. Айтылган сын-пикирлердин орундуу экендиги — факт. Эгерде эл өзүнүн чөнтөгүндөгү акчага, үй- бүлөлүк каражатка, коомдук бюджетке сабаты жетиштүү болсо, анда жетекчилерин тартипке тарта алат эле. Ошондуктан пандемия учурунда баарыбыздын тең сабатсыздыгыбыз аныкталып калды.
Бийлик үчүн жакыр, көз каранды адамдарды башкарган оңой болот
Акча — бул илим. Миңдеген жылдардан бери адамзатты жакындап келе жаткан акча жөнүндөгү илимден акыркы 100 жылдыкта алыстатып коюшкан. 1917- жылдан баштап пролетариат диктатурасы орнотулганда, «кызыл террор» акчаны билгендердин баарын кырып жок кылып, алыстатып, андан кийинкилерге «акча бул силердин ишиңер эмес» деп үйрөткөн. Мүлккө жана мүлккө тиешелүү ишке жана анын натыйжасында пайда болгон акчага дагы мамлекет гана ээ болот деп үйрөткөн. Мамлекет билип, мамлекет тейлейт деп жөнөкөй кишилерди андан алыстатып салган. Ошондуктан баардык орус тилдүү өлкөлөрдө акчаны эл тааныбай калган. Акчаны иштеткенди да, сактаганды да, көбөйткөндү да билбейт. Анткени, иштеткендер камалчу, сактагандар куугунтукталчу, көбөйтөм дегендер сөзсүз түрдө жоопко тартылчу. Себеби, класстык идеологияга карама-каршы иш аракет болуп калчу.
Ошентип биз 1990-жылга чейин акча илимин тааныбай калдык. Бирок токсонунчу жылдан бери дагы 30 жыл өттү. Аны дале толук үйрөнө албай жаткан себебибиз — биздин мамлекетибиздин курамын ээлеп турган жетекчилер ошол саясатка умтулуп, элдин өкүлү болобуз деп элге убада берип, бирок элдин жоопкерчилигин өздөрүнө алары менен өз кызыкчылыгына иштегендер, дале болсо «экономика силердин ишиңер эмес», «саясатты тим койгула», «силер өз оокатыңар менен алек болгула» деп айтып келишүүдө. Акча илимин баарыбыздын денебизде жүгүргөн кан сыяктуу десек болот. Анын экономикага, саясатка, кыскасы, баардык нерсеге тиешеси бар.
Менин оюмча, улут акчага болгон руханий мамилесин жоготкон. Совет доорунда класстык көз караштан улам төрөлгөндөн баштап акчаны жек көрдүргөнгө үйрөтчү. Акчага терс мамиле кылыш керек, акча топтогондор жаман адамдар, басмачылар, кулактар, көпөстөр деп үйрөтүлгөн. Ошол эле учурда акча кармабаган киши баркталчу. Анткени бийликке жөнөкөй, жакыр, көз каранды болгондорду башкарганга оңой болгон. Адамдар жалдырама болуп, көз каранды болуп турса, бийликке башкарууга оңой болгондуктан, акчасы жок адамдарды көбүрөөк көбөйткөнгө аракет кылган идеология болгон. Ошентип биздин акчага болгон мамилебиз дале болсо, олку-солку. Кээ бирибиз акча тапкандарды дале болсо, жаман көргүбүз келет. Акчаны кандай жол менен тапкандыгын эсептешкендин ордуна, бай кишилерди жек көргөнгө шашабыз.
Өз аракети менен акча тапкандын ордуна, элестетүү жолу менен байыганга алданып калгандар да бар
1991-жылдан тартып, рыноктук экономика келгенден бери кээ бир тренерлер «акчага сыйыныш керек», «канчалык көп акчаны элестетсең, ошончолук колуңа түшөт» деп үйрөтөт. Арасынан көпчүлүгү жалган ишке түртүп, жок нерсеге үйрөтөт. Мына ошол жалган ишке умтулуп алгандар өз аракети менен тапкандын ордуна, элестетүү жолу менен байыганга алданып калышат. Адамдарды үлгү көргөндөн, кайсы эмгеги менен ошол акчага жетишкендигин ойлонгондун ордуна, сырткы кебетесин, же элге тараткан акчасын үлгү көрүп, ошонун артынан ээрчип кетип жатышат.
«Чыгаша» деген сөздү аң-сезимибизден жок кылышыбыз керек
Мен «акча коротуу» деген сөздү аң-сезимимден толук чыгарып салгам. Мүмкүн эч качан колдонгон эместирмин. Анткени, короткудай ашыкча акча менен өсүп чоңойгон эмесмин. Бала кезимден үнөмдөгөнду үйрөнгөм. Андан кийин билимим, тажрыйбам кошулган сайын, жоготуу, коротуу деген сөздөрдү өзүмө жолоткус кылгам. Ошол эле учурда менин аң- сезимимде чыгаша деген сөз көп колдонулбайт. Мен бир нерсеге төлөгөндө жөн эле сатып алуу эмес, сөзсүз түрдө инвестмент катары көрөм. Акчаны чыгаша деп эсептеген адамдын чыгашасы көбөйөт. Акчаны ал өндүрө албайт. Мен өнө турган жерге гана төлөйм. Акчаны өнө турган гана жерге бериш керек. Жардам берген учурда дагы, башкаларга зыяны тийип калгыдай эмес, жакшылыкты көбөйтө турган болуш керек. Ошондуктан биз чыгаша деген сөздү аң-сезимибизден жок кылып, көбүнчө инвестмент деген сөзду колдонуп жашасак, анда биз өндүргүч болобуз.
Акчага мамилебиз салкын, бирок колдонуучу ыкмабыз бийик болушу керек
Акчаны колдонуу боюнча айтсам, бала кезибизден эле акчага сыйынбай, акчаны жек көрбөш керектигин үйрөнүшүбүз керек. Акчага мамилебиз салкын, бирок колдонуучу ыкмабыз гана бийик болушу керек. Ошентип акча — бул өлчөм. Аны колдоно билиш керек. Бирок эң керектүүсү — биз уурдалган нерсени өлчөйбүзбү же жаратылган нерсени өлчөйбүзбү? Ошол жерден уурдалган нерсеге жек көрүүбүздү көбүрөөк такташыбыз керек. Анткени биздин коомчулукта бүгүн такталбай турат. Биз уурдаган нерселердин артынан ээрчип, сыйынып калыптырбыз. А бирок жаратылган нерсени да толук бойдон тактай элекпиз. Жаратылган нерселерди сыйлап, ошого балдарыбызды багыттасак, өлкөбүздө жаратылган нерселер көп болот. Жаратылган нерсе деген башкалардын муктаждыгы болгон жерге, муктаждыкты чечүүчү жолун тапкан нерселер, жаратылган нерселер. Ошондуктан биз биринчи кезекте башка бирөөнүн муктаждыгына көңүл бурганды үйрөнүшүбүз керек. Экинчиден, муктаждыкты чечүү жолдорду табуу аракетин кылышыбыз керек. Мына ошол аракетибизди акча менен өлчөгөндө, ошону позитивдүү байлык деп таанып, ошону урматтаганга үйрөнүшүбүз керек. Биз улут катары башка бирөөнүн акысы желип, жолу торолуп, уурдалган нерсени четке какканды үйрөнүшүбүз керек.
Кризис учурунда акчаны доллар, евро, сом түрүндө кармаган жакшы
Бүгүнкү кризис учурунда рублди кармагандар сак болуш керек. Рубль — эң ишеничсиз каражат. Сом көп жылдан бери туруктуу, бирок этият болуш керек. Жакынкы аралыкта иштетүүчү каржы катары сом туруктуу, ишеничтүү болуп келе жатат. Бирок мен рублга байланып турганыбыздан, сомдон да чочулап турам. Дүйнөдө узак мөөнөттүү эң туруктуу валюта — бул доллар. Бул — бүт дүйнөдөгү валюталардын тирөөчү. Аны менен бирге туруктуулукта ишеничке ээ болуп, атаандашып жанаша келе жаткан бул — фунт стерлинг. Акчаны эч качан бир валютада кармабаш керек. Эгерде акча көбөйүп, мүлк топтолуп келе жатса, анда сөзсүз түрдө кеминде үч-төрткө бөлүп коюш керек. Акчаны бир жерге топтобой, 2-3 кампага бөлүп койсо, тобокелчилик аз болот. Бүгүнкү күндө мүлктүн тагдыры абдан олку-солку болуп турат. Мүлктү сатып алгандар абдан чоң тобокелге келет. Мүмкүн утат, мүмкүн уттурат. Алтынды эркин сатып алып, коргоп, бир жерге сактап, аны кайра сатып алыш биздин банктарда иштетилген эмес. Жөнөкөй алтынды көмүскө жол менен сатып алып иштетүүгө болот, бирок ал өтө пайдалуу эмес. Ошондуктан кризис учурунда акчаны доллар, евро, сом түрүндө кармаган жакшы.
Жетишпей турган акчадан сактап калууну үйрөнүү абдан маанилүү
Биз Совет доорунан бери айлыктан айлыкка жашап көнгөнбүз. Бул — баягы көз каранды болгон элдин тагдыры. Көбөйтүүгө, өсүүгө, жаратууга жетишсиз болгон аң-сезим. Кеминде бир нече айга, керек болсо бир нече жылга жеткен бюджетти түзгөн үй- бүлөлөр — билимдүү болуп, акчанын эсебин үйрөнүп алган үй-бүлөлөр. Сөзсүз түрдө орто жана узак мөөнөткө канча киреше болот, канча киреше табууга аракет жасап жатам деп эсептеп үйрөнүп, анан ошол кирешенин ичинен канча бөлүгүн «инвестмент» кылам жана чыгашадан баш тартып эмнеге инвестмент кылышым керек деген үй-бүлөлөрдүн эмгегинин үзүрүн көрүү деңгээли бийигирээк болот. Жетишпей турган акчадан сактап калууну үйрөнүү абдан маанилүү. Кеп — акчанын көлөмүндө эмес, аң-сезимде. Курсагы тойбой турса дагы, кирешесинин 10%ын сактап калууга тырышкан адам жаратман боло алат.