Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев шайлоого жөнөкөй жаран катары катыша алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 538 | 0

Экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамга ылайык, алар саясат менен алектенсе, кол тийбестиги, кепилдиктери алынып салынат. Экс-президенттердин саясатка аралашуусуна эч ким бөгөт койбойт. Алар өздөрү чечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мыйзамга Башкы прокуратура экс-президенттердин күнөөлөрүн тастыктаган соң, алардын кол тийбестиги алынат деген эреже кирди. Эми Жогорку Кеңеште  мурда иштеген президенттерге нааразычылык же суроо-талаптары болсо комиссия түзүп, кол тийбестигин ала алат. Бул ченем бир гана Алмазбек Атамбаевге эмес, бардык экс-президенттерге колдонулат», — дейт Жапаров.

Анын айтымында, жашоо жалгыз гана саясат менен чектелбейт, саясаттан башка да турмуш бар. Андыктан, президент болом дегендер чектөөлөрдү эске алуусу зарыл.

«Президенттер 6 жылда максималдуу түрдө өз программасын ишке ашырышы зарыл, андан сон арман кылып ыйлабагандай болушу керек. Атамбаев шайлоого жөнөкөй жаран катары катыша алат. Эгер ал «кол тийбестик, маяна, жансакчынын кереги жок» десе, мага десе партиянын лидери, президенттин катчысы болсун. Депутат болом десе болсун, бирок кол тийбестиктен баш тартсын», — дейт Жапаров.

Ал кошумчалагандай, өлкөнүн келечеги кең болсо, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын пайдасы тиет. Көз карандысыздык сакталса, Кыргызстандын да Америка сыяктуу 44-45-президенттери болот.

Белгилей кетсек, 25-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Анткени, ал документке ылайык, экс-президенттер саясий партиянын төрагасы жана мүчөсү боло албайт.

Copyright © 2017 Maral FM