Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура КСДПны кайра катоо боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 480 | 0

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПны кайрадан каттоо тууралуу жазган арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, айыптууларды Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн иликтөөлөр аныктайт.

Доо арыз Юстиция министрлигине карата жазылган болчу.  Аталган министрликтин орун басары буга чейин Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

Эскерте кетсек, 17-апрелде Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевичтин ысымы жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM