Биз менен байланышыңыз

Комитет Британиядагы элчиликке Эдил Байсаловдун талапкерлигин карайт

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 606 | 0

28-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилигине коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлигин карайт.

Ошондой эле, Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигине Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин да талкуулашмакчы.

Талапкерди дайындоо үчүн тиешелүү комитеттин макулдугу гана талап кылынат. Президент тарабынан жарлыкка кол коюлгандан кийин кызматка бекитилет. Талапкерлердин документтерин Тышкы иштер министрлиги көрсөтөт.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси катары буга чейин иштеп келген Гүлнара Искакованын мөөнөтү аяктаган. Ал аталган кызматка 2015-жылдын 22-майында дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM