Биз менен байланышыңыз

Баткен: Таян эми таза суу ичип баштайт

Коом | 27 мая 2019 | 833 | 0

Баткен районунун тоолуу Кыштут айыл аймагы айыл түптөлгөнү сууну дарыядан алып келишкен. Бирок ал арык менен келген сууну таза деп айтуу кыйын эле. 2014-жылы Кыштут айыл өкмөтүнө таза суу жеткирүү максатында суу түтүктөрү орнотулуп, бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн карамагындагы 3 айылга таза суу тартылды.

Дарибай Матраимов айылга таза суу келери менен үйүнө да суу киргизип алганын айтат. «Айылда турсам да, үйүмдүн шарты шаардыкынан кем эмес», — деп, буларга токтолду:

— Биздин Таян айылына кышында суу келчү эмес. Ошондуктан, кошуна айылдардан автоунаа менен же болбосо дарыядан эшек менен ташып жүрдүк. Азыр болсо жашоо жакшы болуп калды. Таза суу ичип жатабыз.

Таяндагы «Таза суу» ишканасынын башчысы  Нуридин Айдаровдун айтымында, Кыштут айыл аймагынын Чарбак, Сай айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 куб суу сактагыч курулуп,  жалпы узундугу 20 чакырымга жакын аралыкка негизги суу куурлары тартылган. Ал эми 40тан ашуун суу түтүктөрү орнотулуп, 100дөн ашуун кожолук үйүнө суу киргизген.

— Жалпы чогулушта карап, ар бир кожолукка 15 сомдон деп ойлодук эле.  Ал аз болуп калат экен, андыктан ар бир кожолук ай сайын 60 сомдон төлөй турган болушту.  Ал эми үйүнүн ичине суу киргизгендер атайын суу эсептегич менен же болбосо айына 200 сомдон төлөп турушат.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагы 6 айылдан турат. Алардын үчөө таза суу менен толук камсыз болсо, дагы үч айылга таза суу тартуу үчүн жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Мындай маалыматты аталган айыл аймактын башчысы Аширали Эркебаев билдирди.

— 2017-жылы Республикалык бюджеттен 5 млн. сом каралып, негизги линия тартылган.  2018-жылы кошумча  3 млн. 900 миң сомго эки айылдын күңгөй тарабына таза суу тартып жатабыз.  Буюрса быйылкы жылда айыл аймакты таза суу менен толук камсыз кылабыз.

Баткен районунун аймагында өткөн жылы республикалык бюджетттин эсебинен 5 айылга таза суу түтүгү тартылган. Натыйжада райондун аймагындагы 15 миңге жакын адам таза суу менен камсыздалып, жалпсынан мамлекет тарабынан 27 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн

Copyright © 2017 Maral FM