Биз менен байланышыңыз

Украина: Порошенкого үчүнчү ирет кылмыш иш козголду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2019 | 662 | 0

Украинанын мамлекеттик тергөө бюросу мурдагы президент Петр Порошенкого дагы бир кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мурдагы президент Виктор Януковичтин бийлиги учурунда аппарат башчысы болуп иштеген, юрист Андрей Малыгин өзүнүн Telegram каналына жазгандыгын эл аралык басылмалар маалымдады.

Экс-президентке «Кузня на Рыбальском» заводун сатууда 300 млн. доллар  өлчөмүндөгү кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырды», — деген айып коюлган.

Эске салсак, бул мурдагы президент Петр Порошенконун үстунөн козголгон үчүнчү кылмыш иш болуп саналат. Буга чейин ага «Центрэнерго» ишканасындагы кызматтарды бөлүштүрүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды», — деген айып тагылган. Ошондой эле, «Керч кысыгына байланыштуу мамлекетке  чыккынчылык кылган», — деп да айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM