Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Жумгалдагы маданий объектилеринин абалы менен таанышты

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 407 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 24-майда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» маданият үйүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кинотеатрдын капиталдык оңдоп-түзөөсүнө жумшала турчу чыгашалардын сметасын түзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Өкмөт башчы 1930-жылы негизделген Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы Драма театрдан да кабар алды. Театрдын иши менен таанышып жатып, капиталдык оңдоп-түзөө долбоорун баштоого буйрук берди. Ошондой эле, толук кандуу театралдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө бардык шарттар каралышы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM