Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыктарды текшерди

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 426 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын Шанхай кызматташтык уюумунун саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү алкагында калаанын кире беришиндеги «Аска-Таш» стеласын реконструкциялоо боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев бардык курулуш жана оңдоо иштерин архитектуралык чечимдерге ылайык, өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, шаардыктар жана шаар меймандары үчүн кыйла ыңгайлуу жана жайлуу шаардык чөйрөнү түзүү үчүн коомдук мейкиндиктерди жакшыртуу маанилүү.

 

Copyright © 2017 Maral FM