Биз менен байланышыңыз

Өзбек-кыргыз чек арасында тартип бузуу бир кыйла азайды

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 416 | 0

Өзбекстандын Наманган шаарында өзбек-кыргыз чек ара мекемелеринин биргелешкен Аскердик коллегиясы өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн чек арачылары учурдагы коркунучтар жана алардын кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга таасири тууралуу талкуу жүргүзүштү.

2018-жылдагы комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылып, мамлекеттик чек аралардагы тартип бузуулар бир кыйла азайганы айтылды.

Тараптар чек араны кайтаруудагы өз ара кызматташуунун негизги багыттарын аныкташты. Келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө жергиликтүү калкты көмөккө тартуу аркылуу биргелешкен ыкчам топ түзүүнү пландашты.

Copyright © 2017 Maral FM