Биз менен байланышыңыз

Ашхабад-Бишкек-Тамчы авиакаттамын ачуу демилгеси каралууда

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 420 | 0

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда жайкы туристтик сезонго карата июнь айынан баштап Ашхабад- Бишкек — ​​Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитетинин  төрөгасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

«Turkmenistan Airlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрү эки тараптуу жүрүнчү каттамдарын ачуу боюнча  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн майдын аягында Бишкекке келүүсү күтүлүүдө.

Ашхабад-Бишкек-Тамчы авиакаттамы туристтик сезон бүткөндөн кийин Ашхабад-Бишкек-Казакстан же Кытай багыты  боюнча өз каттамдарын улантышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Учурда «Turkmenistan Airlines” авиакомпаниясы Ашхабад-Бишкек багыты  боюнча жумасына бир жолу жүк ташуу каттамын ишке ашырып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM