Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда жайкы туристтик сезонго карата июнь айынан баштап Ашхабад- Бишкек — Тамчы (Ысык-Көл) авиакаттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен мамлекеттик комитетинин төрөгасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
«Turkmenistan Airlines» авиакомпаниясынын өкүлдөрү эки тараптуу жүрүнчү каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн майдын аягында Бишкекке келүүсү күтүлүүдө.
Ашхабад-Бишкек-Тамчы авиакаттамы туристтик сезон бүткөндөн кийин Ашхабад-Бишкек-Казакстан же Кытай багыты боюнча өз каттамдарын улантышы мүмкүн.
Кошумчалай кетсек, Учурда «Turkmenistan Airlines” авиакомпаниясы Ашхабад-Бишкек багыты боюнча жумасына бир жолу жүк ташуу каттамын ишке ашырып келет.