Биз менен байланышыңыз

Памирден келген кыргыздар кандай күн кечирүүдө?

Коом | 22 мая 2019 | 1154 | 0

Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова  уюштурган «Памирлик кыргыздар: кайрылмандар, маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору» аталышындагы талкуу болуп өттү. Памирлик кыргыздар, Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Миграция кызматынын өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары катышкан бул жыйында 2017-жылы Памирден көчүрүлүп келген кыргыздардын абалы, көйгөйлөрү, аларга каралган шарттар талкууланды. 

Памирлик кыргыздардын маселеси буга чейин да коомчулукта кызуу талкууга алынып, «Өкмөт памирлик кыргыздарды алып келип алып, жеткиликтүү көңүл бурбай жатышат», — деп айтып чыккандар болгон. Ал тургай айрым маалымат каражаттары алардын таштанды терип күн кечирип калганын, айрымдарын Нарындын байлары малчылыкка жалдап алганын да жазышкан.

Ушул маселеге байланыштуу депутат Аида Исмаилова кесиптеши Евгения Строкова экөө Нарын облусуна болгон сапарында Памирлик кыргыздардын маселеси менен жеринен таанышып келген. Анын айтымында, көчүрүп келүү астында берген Өкмөттүн убадасы дээрлик аткарылбаганына байланыштуу, памирлик кыргыздардын жашоо-шарты, коомдогу статусу бүгүнкү күндө канааттандырарлык эмес. Бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөргөнүн, бирок тиешелүү органдар толук кандуу көңүл бурбай жатканын билдирди.

— Кесиптешим Евгения Строкова экөөбүз Нарын облусунда атайын иш сапарында болуп, ал жердеги Ооган Памиринен 2017-жылы көчүрүлүп келген  кыргыздардын абалы менен таанышып, бир катар көйгөйлөрүн угуп келдик. «Кайрылман» программасынын алкагында аткарылчу иштер, тактап айтканда, кесиптик билим берүү, турак жай менен камсыздоо, КР жарандыгын алуу жана башка бир катар маселелер боюнча суроо-талаптар бар. Андыктан, бул маселени чечүүнү тездетүү максатында атайын талкууга Нарындагы памирлик кыргыздарды да алып келдик. Биздин негизги максат: эки тараптын ортосунда диалог түзүп,  маселени көзмө-көз жолугушуп чечип алууга шарт түзүү. Биз бул иштерди аягына чейин көзөмөлгө алабыз.

Ал эми 2017-жылы өкмөттүн жардамы менен көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын бири Абдулвахид Жээнбек уулу келгенден бери өкмөттүн жардамы менен балдарын окутуп, өзү да иштеп, үй-бүлөсүн багып жатканын айтат. Бирок ошентсе да, «Памирге барып келүүмө Тышкы иштер министрлиги жардам берсе», — дейт.

— Биздин келгенибизге үч жыл болду, албетте, кыргыз элине, кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык айтабыз. Кыргыз элине ишенип келдик. Балдарыбыз окуп жатат, өзүбүз аракет кылып иштеп жатабыз. Памирде мектеп, оорукана жок, шартыбыз катаал. Элдин саны жылдан-жылга  азайып бара жатат, айрыкча, аялдардын саны аз. Ооган кыргыздары көп жагынан арттабыз. Ооган өкмөтү бизге келгенде, маселени кечиктирип чечет. Кыргыз Өкмөтүнөн негизги сураганыбыз — үй-жай. Бул жактан эч жакка кеткибиз келбейт. Башында он бир үй-бүлө келгенбиз. Дагы келебиз дегендер көп.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмазбек Асамбаев Памирлик кыргыздар Ооган өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде балдарына билим берүү максатында келгенин айтып, Кыргызстанда биротоло калабыз дешсе колдоорун, бирок мында көптөгөн юридикалык маселелер бар экенин билдирди. Муну менен катар, алар алган «Кайрылман» статусу боюнча түшүндүрмө бере кетти.

— Бул жакта эки жылдан бери жүрөсүңөр, барыңар «Кайрылман» статусун алгансыңар. «Кайрылман» статусу — ириде, укуктук статус. Анткени, мындай статус алган адамдын өлкө жараны сыяктуу эле дарылануусуна, билим алуусуна шарттар каралган. Бала төрөлсө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, үйлөнсө нике күбөлүгүн ала алат. Андан сырткары, жарандык алууга да мүмкүнчүлүк берет.

КР Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын өкүлү Болотбек Ибраимжанов Өкмөттүн памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү планы кандай болгону тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул жактын шартына ыңгайлашуу үчүн өздөрүндө да аракет болушу зарыл.

— Келишимде Памирлик кыргыздардын балдарын окутуу гана каралган. Жарандык алуу, турак-жай маселелери жакында эле көтөрүлдү. Булар Ооганстандын жарандары, ошон үчүн эки өлкөнүн ортосундагы алакага кылдат мамиле кылуу керек, антсе да, жарандык алабыз деген ойлорун колдойм.  Ал эми жумуш маселесине келгенде, кайрылмандардын  жогорку же кесиптик эч кандай дипломдору, сертификаттары жок. Бул жагына өздөрү да аракет кылуусу зарыл. Өкмөт пландагы иш-аракеттерин аткарып жатат. Эгер кандайдыр бир кесип алабыз деп аракет кылышса, жардам берүүгө даярбыз.

КР Өкмөтүнүн Нарын обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева Кичи Памир жана Чоң Памирдеги кыргыздарды көчүрүп келген экспедициянын курамында болгон. Анын билдирүүсүнө таянсак, бүгүнкү күндө Нарын обулусунун администрациясы кайрылмандар менен тыгыз иш алып барууда. Учурда облустун аймагында жашаган 49 кайрылмандын балдарына жөлөк пул чегерилип, пенсия курагындагы бир адамга пенсия берилет. Бир үй-бүлө Ат-Башы районуна жайгаштырылып, жумуш менен камсыз кылынган. Тактап айтканда, бала бакчада эмгектенип жатат. Бир нече адам компьютерде иштөөнү өздөштүрүп, сертификат алышса, эки адам айдоочулук күбөлүк алуу алдында турат.  Социалдык тармактардагы «Памирлик кыргыздар базарда картон терип, тирилик кылып жатат», — деген маалыматтар жалган экенин айтат. Ошондой эле, памирлик кыргыз аялдары кол өнөрчүлүк боюнча № 87 кесиптик лицейде окушуп, Памир кыргыздарынын саймалары менен 2018-жылы өткөн «Көчмөндөр оюнунда» үчүнү орун алышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ооганстандын Памиринде жашаган кыргыздардан 33 үй-бүлө 2017- жылы Өкмөттүн «Кайрылман» программасынын алкагында көчүрүлүп келген. Ал арада өкмөттүн кам көрүү шарттарына канааттанбаган айрым этникалык кыргыздар кайра көчүп кетишкен.

                                                                  Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM