Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Бишкек шаарынын мэри менен жолукту

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 503 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда шаар мэри коомдук транспорт тутумун өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландары тууралуу маалымдады. Ошондой эле, шаарга газды толук киргизүү жана калктуу конуштарга газ бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Мындан тышкары, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, таштандыларды жок кылуу сыяктуу жагдайларга көрүлгөн чаралар талкууланып, шаардын сыртындагы таштанды жайдын айланасындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана жаңы таштанды полигонун куруу, сапаттуу рекультивациялоону камсыздоого өзгөчө көңүл буруу каралды.

Муну менен бирге, социалдык объекттерди, сейил бактарды куруу жана оңдоо, суу менен камсыздоо, канализация тутумун реабилитациялоо, борбор шаарда өтүүчү ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү боюнча көрүлгөн аракеттерди талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM