Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жеткиликтүү турак жай маселесин карайт

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 428 | 0

Бүгүн Өкмөттө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мамлекеттик сатып алуулар системасынын жаңыланышын караган жана жеткиликтүү турак жай маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында тиешелүү министрликтер менен бирге аталган маселелер талкууланат.

Эске сала кетсек, кечээ өкмөт казынадан ипотекалык турак-жай программасына 500 млн. сом бөлүп бергени белгилүү болгон.

Өкмөт буга чейин «Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020» программасын ишке ашыруу үчүн ипотекалык насыялоонун 2 механизми: даяр үйдү сатып алуу жана жеке турак жай куруу киргизилгенин айткан.

2019-жылдын 1-январына карата 4,28 млрд. сомдон ашуун суммага 3 799 ипотекалык насыя берилген, натыйжада 210 миң чарчы метр турак жай сатып алынган жана Кыргызстандын 14 миң жараны үйлүү болушкан.

Copyright © 2017 Maral FM