Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Кытайдын толук жана ыйгарым укуктуу элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 565 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымды кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда  Өкмөт башчы аны кызматка киришүүсү менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

«Өкмөт кыргыз-кытай коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин жогору баалайт, бардык тармактарда биргелешип аракет көрүүнүн натыйжасында динамикалуу өнүгүп жатабыз. Учурда эки мамлекеттин ортосунда активдүү саясий диалог жүрүп, биргелешкен ири экономикалык долбоорлор ишке ашырылып, маданий-гуманитардык кызматташуу жана коопсуздук тармагында чогуу аракеттенүүдөбүз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кытайдын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары, ошондой эле Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары эки жактуу кызматташуунун бекемделишин ырастап, алакалардын өнүгүшүнө жаңы дем берет деп ойлойм», — деди ал.

Мындан тышкары элчи белгилегендей, Кыргызстанга Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Инин сапары күтүлүүдө.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтык боюнча актуалдуу маселелери талкууланды

Copyright © 2017 Maral FM