Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Казакстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 422 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда учурдагы абал жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Казакстан негизги өнөктөштөрдүн бири экенин жана өлкөбүз мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыгарын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Биз Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, биримдикти жана коңшулук мамилени жогору баалайбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов да кыргыз-казак карым-катнашындагы жагымдуу динамиканы белгилей кетти. Анын айтымында, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жылуу жана достук мамиле орун алып, тыгыз жана жемиштүү иштөөгө өбөлгө түзүлгөн.

Бейбут Атамкулов мындай мамиле маселелерди ашыкча бюрократиясыз, ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM