Биз менен байланышыңыз

Билим берүү боюнча китептердин бет ачары өтөт

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 354 | 0

Эртең, 21-майда «Кереге» фондунун демилгеси менен кыргыз тилине которулган атактуу Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» китеби жана АКШ Психологдор ассоциациясы тарабынан даярдалган «Креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу билим берүү психологиясы боюнча китептин бет ачар аземи өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепкананын Сауд Арабия залында болот. Башталуу убактысы 16:30.

Бет ачарга Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ишкерлер, мугалимдер жана коомдук ишмерлер катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM