Биз менен байланышыңыз

Алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 406 | 0

19-майда соттун токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин 2-башкармалыгынын жана Өзгөн райондук Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин атайын операциялар отряды менен биргеликте алдамчылык фактысы менен изделип жаткан К. М. аттуу жаранды кармашты.

Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган.

Буга чейин Ички иштер органдарына Өзгөн районунун тургуну алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Арызда 2017-жылдын күз айында аны чала тааныш бирөө алдап, курулуш-жасалгалоо иштерине арналган 60 куб травертин декоративдик плиткаларын алып кайтарып бербей койгону, андан тарткан материалдык чыгым 12 миң долларды түзгөнү жазылган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 163-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Талас облусунун тургуну, 1984-жылы туулган К. М. аттуу жаран аныкталып, 2019-жылдын январь айынын аягында издөө жарыяланган.

К. М. аттуу издөөдө жүргөн адам Чүй облусунун Сокулук районунда туугандарыныкында жашынып жүргөнү белгилүү болуп, атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Өзгөн райондук сотунун токтому алынган.

Кармалган жаран Өзгөн райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине кийинки иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча К. М. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө жана сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM