Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкталды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 406 | 0

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 2000-жылы туулган тургуну М. А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.

Кылмышка шектелип жаткан жаран 2017-жылдын август айында  Кызыл-Кыя шаарынын коомдук жайларынын биринде достору менен отурганда чыр чыгып, өзүнүн курдашын сабап салган. Андан соң, 2 жыл бою Орусиянын Москва шаарында жашырынып жүргөн.

Азыркы учурда М. А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM