Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 2000-жылы туулган тургуну М. А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.
Кылмышка шектелип жаткан жаран 2017-жылдын август айында Кызыл-Кыя шаарынын коомдук жайларынын биринде достору менен отурганда чыр чыгып, өзүнүн курдашын сабап салган. Андан соң, 2 жыл бою Орусиянын Москва шаарында жашырынып жүргөн.
Азыркы учурда М. А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.