Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Заманбап спорттук жайлардын ачылышы спортту өнүктүрөт

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 378 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы тир спорту боюнча комплекстин жана сейил бактын ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Комплекс эл аралык олимпиаданын бардык стандарттарына дал келет. Ок атуу тири SIUS буталары менен жабдылган, ал эл аралык спорттук ок атуу федерациясынын (ISSF) лицензиясын алган.

Машыгуулардын, мелдештердин бардык эрежелери эл аралык спорттук ок атуу федерациясы жана практикалык ок атуу боюнча эл аралык конфедерациясы тарабынан сакталат жана координацияланат.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул сыяктуу заманбап талаптарга жооп берген спорттук объекттердин ачылышы ата мекендик спортту өнүктүрмөкчү.

Андан соң премьер-министр борбор калаанын түштүгүндө жайгашкан жаңы сейил бактын ачылышына катышып, анын аймагын көрүп чакты.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт шаарды жашылдандыруу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Бул үчүн жаңы сейил бактарды куруу жана коомдук жайларды жакшыртуу боюнча иш-чаралар топтомун жүзөгө ашырат.

Copyright © 2017 Maral FM