Биз менен байланышыңыз

Бишкектин экс-мэрлеринин баш коргоо чаралары өзгөрүүсүз калды

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 63 | 0

Бишкек шаардык соту Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечим 20-майда өткөн соттук териштирүүдө кабыл алынды.

Бишкектин Ленин райондук соту буга чейин аталган айыпталуучуларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Жактоочу Слесарев айыпталуучулар бир айдан ашык убакыттан бери камакта отурганын, мыйзам боюнча кылмыш ишин териштирүүгө 2 ай убакыт берилерин, бирок судья айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү же узартуу боюнча процессти аткарбаганын айтып,  Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын алмаштырууну өтүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM