Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Аял киши алгачкы ирет Коргоо министринин орун басары болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2019 | 713 | 0

Ооганстанда Коргоо министринин орун басары болуп Мунира Юсуфзада дайындалды. Ал буга чейин, Президенттин Админстрациясында маданий иш-чаралар, саясий жана социалдык маселелер бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген. Бул тууралуу АфТАГ маалымат булагы билдирди.

Юсуфзаданын мындай кызматка келиши социалдык тармактарда талкууга түшүп, ар кандай пикирлерди жараткан. Коргоо министрлигине аял кишинин келиши көпчүлүктүн сынына кабылган. Сын көз караштарга жооп катары, президенттин маалымат-катчысы Хуссейн Муртазави өз баракчасына буга чейин ИИМге орун басар катары Хусан Жалил дайындалганда да дал ушундай пикирлер болгонун жазды. Андан сырткары, башка өлкөлөрдө да коопсуздукту сактоодо жана коргоо министрлигинде аялдар иштей турганын айтып, ооган айымдары да бул жаатта ийгиликке жете аларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM