Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Орус Парламенттеринин төрагалары жолугушту

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 422 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Жолугушуу Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу бардык деңгээлдеги байланыштар туруктуу өнүгүү жолунда экени айтылды. Орусия Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөөгө негиз берип, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганы белгиленди.

Ал эми Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ЖККУнун, КМШнын жана башка уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташтык, ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыш оң натыйжасын берип келгенин белгиледи.

Маселен Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү кыйла жогорулады. Кыргызстандын экономикасына жасалган Орусиялык инвестициянын көлөмү 30 пайызга өстү.

Жолугушууда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ассамблеянын ишин жаман эмес деп баалады.

«ЖККУнун Бишкектеги жыйыны натыйжалуу болорунан күмөнүм жок. Анткени, өз ара кызматташтыктын укуктук негиздерин камсыз кылууда, улуттук мыйзамдарды бири-бирине жакындатууда аталган ассамблеянын акыркы жылдардагы аракеттери жаман эмес», – деди ал.

Ал эми Дастанбек Жумабаеков биргелешкен аракеттердин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд. долларга жетиши күтүлгөнүн айтты.

«Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы кызматташтыкты бекемдөө менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачса болот», – деп кошумчалады ал.

Copyright © 2017 Maral FM