Биз менен байланышыңыз

Ошто түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын айтышы болот

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 626 | 0

Бүгүн, 19-май түрк тилдүү мамлекеттердин акындарын Ош Эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тосуп алуу  иш-чарасына Ош шаарыны вице-мэри Нурбек Kадыров, Ош шаарынын мэриясынын коомдук өнүктүрүү жана тышкы байланыштар агентигинин кызматкерлери жана маданият кызматкерлери катышты.

Иш чарага катышуу үчүн Түркия, Азербайжан, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Якутия, Башкортостан, Кыргызстандын акындары жана «ТЮРКСОЙ» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин келди.

Эске салсак, 20-майда азербайжандык акын Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата Кыргыз-Өзбек Университетинде түрк тилдүү мамлекеттеринин акындарынын поэзия кечеси болот.

Мындан сырткары, акындардын айтышы да болот.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM