Биз менен байланышыңыз

Төкмө акындар жана айтыш тууралуу канчалык билесиз? (тест)

Блог | 12 Июн 2020 | 11990 | 1

Кыргыз маданиятындагы эң таланттуу, элде жок өнөр катары төкмөлүктү белгилеп айта алабыз. Илгертен эле кыргыз эли куйкум сөздүү болуп, ыңгайы келгенде сөз менен жыгып, же сөз менен маселени жайгарып, көңүлдү көтөрө алган таланттарга бай болгон.

Бийликке таамай сын айтып, калктын көйгөйүн ыр менен жеткирүүдө маанилүү роль ойногон төкмөлөр турмушту кенен чагылдыргандыгы менен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, сыйга татып келет.

Айтыш өнөрүнүн устаттары катары Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы сыяктуу акындарды билсек, учурдун ак таңдайлары деп Элмирбек, Жеңишбек, Аалы, Амантай ж.б. акындарды айта алабыз.

Сиз айтыш өнөрүн угуп, өнөр ээлерин баалаган адамдардын катарына кошуласызбы? Алардын жашоосунан, чыгармачылык жолунан канчалык кабарыңыз бар? Муну билүү үчүн төмөнкү тесттен өтүп көрүңүз😌

1 пикир

1 пикир

  1. Зейнеп

    19.12.2023 21:08

    Жогорудагы кыргызга аттын кашкасындай таанымал акындарыбыздын чыгармаларын суйуп окугам. Ырларын да коп окуйм укканда тажабайм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM