Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Казакстанга эң көп руда жана баалуу металлдардын концентратын экспорттойт

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 941 | 0

Өлкөнүн ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөр менен жүргүзгөн соодасы 2019-жылы 509 млн. 5 миң долларды түздү. Өткөн жылдын январь-март айына салыштырмалуу 3,5%га азайган. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Казакстанга негизинен руда жана баалуу металлдардын концентраты (39,1%), бут кийим (6,5%), косметикалык каражаттар (6%), кийим-кече (6,4%), мөмө-жемиш жана жаңгак (6,2%), синтетикалык кездемелер (4,1%), сүт жана сүт азыктары(5,15%), нан жана ун азыктары (3,8%), айнек(4,1%) экспорттолгон.

Ал эми Казакстандан мунай өндүрүмү (30,3%), кара металл жана андан жасалган буюмдар (6,9%), буудай( 5,9%), тамеки (5%), ун (3,5%), көмүр (3,4%), минералдык жана газдалган суусундуктар (3,3%), күн карама майы (1,8%) импорттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM