Connect with us

Жыл башынан бери чарба субъектилери бюджетке 1,7 млрд карызын төлөдү

Кыска кабар | 18 Май 2019 | 675 | 0

Чарба субъекттери 2019-жылдын январь-апрель айына карата мамлекеттик казынага бюджеттик насыялардын негизинде 1 млрд. 690 млн. 39 миң сом карызды кайтарып беришти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик насыялар боюнча агенттиги маалымдады.

Ага ылайык, негизги карыз 1 млрд. 157 млн. 65 миң сомду, туум жана айыптар 532 млн. 57 миң сомду түзгөн.

2019-жылга карата алдын ала эсептөөлөр боюнча, бюджеттик насыяларды төлөөнүн негизги карызынан 2 млрд. 547 млн 44 миң сом, туум жана айыптарынан 949 млн. 32 миң сом түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM