Биз менен байланышыңыз

«ШКУ: Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» бизнес-форуму өттү

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 663 | 0

Бүгүн, 17-майда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити алдында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна  төрагалыгы алкагында «ШКУ: Кызматташтык чек араларын кеңейтүү» бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бизнес-форумдун негизги максаты: ишкердик кызматташууну бекемдөө; жаңы өнөктөштөрдү издөө; ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулоо; алдыдагы ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу астында сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уюмдун ишкердик коомчулугунун кесипкөйлүк деңгээлин чыңдоо (консолидация).

Форум ШКУ артыкчылыктарын ишке ашыруунун, анын ичинде жаңы механизмдерди жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу өнүгүүгө багытталган конкреттүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу үчүн бизнестин мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, ШКУга мүчө мамлекеттеринин байкоочу коомчулугу менен өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүүнүн тажрыйбалык куралы болууга багытталган.

Форумдун ишине үч жүздөн ашуун Шанхай кызматташтык уюму диалогу боюнча мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана өнөктөштөрдүн, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле, эл аралык уюмдардын башчылары, экономика жана инвестиция тармагындагы көрүнүктүү байкоочулар катышышты.

Бизнес-форумдун салтанаттуу ачылышында Премьер-министр белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюму Кыргызстандын төрагалыгы алкагында бул форумду өткөрүүнү демилгелеген.

Бизнес-форум эки пленардык талкуу форматында өтүп, соода-инвестициялык кызматташуу, мыйзамдык аспектилер жана демилгелер, экспортту илгерилетүү маселелерине арналды. Андан соң, форум В2В жолугушуулар түрүндө өттү.

Иш-чаранын алкагында жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 млрд. АКШ долларынан ашуун суммалык төмөндөгүдөй келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду:

  1. Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «Shenzhen Daren Group» ЖЧК, «Lingbao Gold Group» ЖЧКсынын жана «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсынын ортосунда алтынды кайра иштетүү заводун куруу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы — 500 млн. доллар) кызматташуу жөнүндө меморандум;
  2. Кыргызстан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «Shenzhen Daren Group» ЖЧК, «Lingbao Gold Group» ЖЧКсынын жана «Фул Голд Майнинг» ЖЧКсынын ортосунда орто азиялык баалуу металлдар биржасын түзүү боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 1 500 млн. доллар) кызматташуу жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын ортосунда Борбор Азия кантондук жарманкесин өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. Кыргызстан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын жана «Family Invest» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда курулуш материалдарынын индустриалдык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  5. Кыргызстан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «IBS MA» ЖЧКсы ортосунда транс чек аралык төлөмдөрдү илгерилетүү жаатында стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишим;
  6. Кыргызстан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «CAS Capstone Technologies Development Co. Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  7. «Торугарт Трейд» ЖЧКсынын жана «Вайту» компаниясынын ортосунда инновациялык технологияларга негизделген курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 3 млн. доллар) кызматташуу жөнүндө келишим;
  8. «АиИ Компани» ЖЧКсынын жана «Romantic Ceramics Co.,Ltd» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда керамикалык буюмдардын шоу-румун ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишим;

Copyright © 2017 Maral FM