Биз менен байланышыңыз

Ошто 2019-жылдагы мыкты жаш мугалим аныкталды

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 619 | 0

Ош шаарында уюшулган «Жаш мугалим — 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталып, мыктылар тандалды.

Иш чаранын максаты орто билим берүү мекемелеринде эмгектенген жаш кадрларды шыктандыруу, кесибине кызыгуусун арттыруу болуп саналары айтылат.

«Жаш мугалим — 2019» кароо-сынагы Жогорку Кеңештин депутаты Авдывахап Нурбаевдин демилгеси жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурду.

Этаптар менен өткөн сынак 15-майда жыйынтыкталып, ага адаттагыдай эле окууну жаңы бүткөн жана эмгек стажы 3 жылдан ашпаган мугалимдер катышты.

Финалдык бөлүгүнө өткөн 7 жаш мугалим ат салышып, алар ардактуу кесиптерин даңазалоо менен, педагогикалык чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр алган орундарына жараша акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, «Жаш мугалим – 2019» сынагы быйыл экинчи ирет өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM