Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке саякат: Депутаттын трибуна артындагы иштери, төңкөрүштөрдө жабыркаган китепкана

Коом , Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 1220 | 0

Өткөн аптада «Марал» радиосунун жамааты Жогорку Кеңешке барып, аппарат кызматкерлери, депутаттар жана пресс-борбордун ишмердиги менен жакындан тааныштык.

Бир нече жылдык тарыхы бар Ак үйдүн сырткы тосмосу алынганы менен ичине кирүү дале кыйынчылык туудурбай койбойт. Бул 7 кабат имараттын ичинде мамлекетибиздин тагдыры талкууланып, кырдаалы таразага салынат. Ак үйдүн босогосун аттаар замат былтыркы жылдын октябрь айында болуп өткөн башаламандыктын жыты дале кете электей туюлду.

Алгач эле кезиккенибиз Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев болду. Ал өзүнүн иш бөлмөсүңдө бизди жылуу кабыл алып, чакан маек уюштурууга да үлгүрдүк. Ал өз мөөнөтүнөн ашык, тактап айтканда, 5 жыл эмес, 6 жыл иштеген VI чакырылыштын депутаттарынын ишине бааны тарых берерин айтат.

«Бул парламенттин мөөнөтү бүтүп жатат, эми жаңы парламент жаңы мыйзамдар менен келет. Буга чейин VI чакырылыш 5 жыл эмес, 6 жыл иштеди. Тилекке каршы, 4-октябрь окуясынан кийин өзүнүн мөөнөтүн узартып иштеп жатат. Эми бул парламент да өзүнө жараша иштерди кылып кетти, ага бааны тарых берет. Дагы бир жагдай, парламент ачык болгонуна байланыштуу элдин көңүлү ар бир депутаттын баскан-турганына, сүйлөгөнүнө бурулуп жатканынан нааразычылыктар көбөйдү. Экинчиден болсо, кээ бир убакытта парламенттин позициясы элдин кызыкчылыгын коргой турган позиция болбой жатканы да чын, анткени парламентке президент, бийликтен да басым болуп, кээ бир чечимдерди өткөрүп алган, ошого да элдин сын-пикири туура эле болуп жатат», — деди Нурбаев.

Саякатты андан ары улай, биз «Парламент» радиосуна баш бактык. Эфирде Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко өзүнүн 6 жылда жасаган иштерин айтып берип жаткан экен. Эфир бүткөндөн кийин биз менен да ой-пикир бөлүштү.

«Коомчулук депутатты ар дайым сындап келет, бул — анын аткарган ишинин бир бөлүгү, демек, кадыресе көрүнүш. Мындай сындар анын өзүнүн иши менен кандай байланышы бар экенин аныктап турушу зарыл. Депутаттын кесипкөй эмес позициясы үчүн чыныгы айтылган сын-пикирлер да бар. Депутаттын миссиясы биринчи кезекте коомду бириктирүү, мүмкүн болушунча коомдун пикирин угуу жана башкаларга жеткирип берүү болуп саналат. Ошондой эле депутат жеке кызыкчылыктары, бизнес компаниялары бар, же айрым топторго иштеп, кызмат кылбастан, бардык мыйзамдарды кылдаттык менен изилдеп, бул идеяларды жалпы коомго жардам бергендей кылып, кызмат көрсөткөндөй болуп, өнүгүүгө багыт алышы керек», — деди Никитенко.

Жогорку Кеңешке болгон саякатыбызда өзгөчө эсте калганы Ак үйдүн китепканасы болду. Анда ар кыл багыт, ар кандай жанрдагы 7 миңге чукул басылма бар экен. Окурмандар үчүн жеткиликтүү шарт түзүлгөн. Өкүнүчтүүсү, үч төңкөрүштө китепкана кошо жабыркаган. Бизге буларды маалымдаган китепкананын сектор башчысы Бактыгүл Тажибаева айрыкча 2020-жылдын октябрь окуясында 3 миңдей китеп жоголуп, техникалык кыйроого учураганын айтып кейиди. Ушу кезге дейре калыбына келтирүү иштери бүтпөй келет.  

«Октябрь окуясында бардык ноутбуктар талкаланып жоголду. Азыр бир да окуу залында ноутбук жок. Ал жерде интернет, керектүү база, топтом, акысыз виртуалдуу китепкана бар болчу. Анын баарын биз канчалаган убакытта жасаганбыз. Өзүбүздүн электрондук китепканабыз бар болчу, ушунун баарына куржалак калдык. Жогорку Кеңештин базасы бар болчу, ал да мыйзам чыгаруу ишине аябай керек эле. Азыр тилекке каршы, эчтеке жок калдык», — деди Тажибаева.

Мекемеде жүрүп жаткан иш процессин чагылдырууда, коомчулукка туура, так маалымат жеткирүүдө, ЖМКлар менен иштешүүдө басма сөз кызматтын орду өтө жогору. 4 сектордо иш алып барган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жайыл Русланов Кыргызстандын парламенти башка өлкөлөргө караганда элге, журналисттерге дайыма ачык экенин, депутаттар ар бир программага катышып, өзүн эркин алып жүргөнү менен айырмаланарын айтты.

«Биздин басма сөз кызматыбыз төрт тармакта иш алып барат: телевидение, радио, сайт жана мониторинг сектору. Биздин парламент башка өлкөлөргө караганда өтө эле ачык деп эсептейбиз. Анткени Жогорку Кеңешке каалаган журналист келип, интервью алып, каалагандай маалымат алып чагылдырып, эркин жүрө алат. Жыл сайын 300дөн ашуун журналистке аккредитация беребиз. Анан депутаттардын иши тууралуу бардык материалдар сайтка жайгаштырылат. Депутаттын ишмердиги, жеке жашоосуна тиешелүү жана ар кандай жолугушууларга да тиешелүү маалымат чыгарылат», — деди Русланов.

Буга чейин журналист катары кирип жүргөн Ак үйдүн имаратына бул жолу бейрасмий форматта барып, маселесин дагы да тереңден түшүнгөндөй болдук. Бул саякатта Жогорку Кеңештин ишмердигин дагы башка өңүттөн да ачып келдик. Иш-чаранын жыйынтыгында «Марал» радиосунун жамааты Жогорку Кеңеште эмгектенгендерге ыраазычылык билдирип, чакан белектерин тапшырды. Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев «Марал» радиосунун жамаатына өзү окуган, кызыктуу китептерди белек катары тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM