Биз менен байланышыңыз

«Аттестациядан өткөн директор ишин кайра уланта алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Фев 2021 | 761 | 0

Аттестациядан өткөн директор кайра ишин улантып кете алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилери ар беш жылда аттестациядан өтүп турат.

Аттестацияда окуучулардын ЖРТдан алган көрсөткүчтөрү, олимпиадалардагы жетишкендиктери каралат.

«Мектептерди, мугалимдерди биринчи кезекте ата-энелер көзөмөлгө алышы керек. Ошондо мугалимдер жакшы иштөөгө тырышып, билим берүүнүн сапаты жогорулайт. Ал эми мамлекеттик көзөмөл органдары текшерүүгө барганда, акча чогултуп, кайтып келе берет. Мугалимдер укуктарын толук колдоно албайт. Алар көз карандысыз болсо, саясий иштерге аралашуудан баш тарта алат», — дейт Нурбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште мектеп директорлорун аттестациядан өткөрүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM