Биз менен байланышыңыз

Япониялыктар саатына 400 чакырым жүрүүчү дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2019 | 869 | 0

Япониялык JR East темир жол компаниясы Alfa-X үлгүсүндөгү жогорку ылдамдыкта жүрүүчү жаңы поездди чыгарды. Анын максималдуу ылдамыгы саатына 400 чакырым аралыкты басып өтөт.

Бул тууралуу building-tech басылмасы жазып чыкты.

«Бул дүйнө жүзүндө эң ылдам жүрүүчү коммерциялык поезддердин бири. Күнүмдүк жумушунда ал саатына 360 чакырым ылдамдык менен жүргүнчүлөрдү ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын июнь айында JR East аталган поездин темир жолдо жүргүнчүлөрсүз сынактан өткөрө баштайт.

Бул он вагондуу ылдам-поезд ушул жылдын июнь айынан тарта үч ай бою бир нече тесттик каттам жүргүзөт. JR East компаниясы Alfa-X ылдам-поездин 2030-жылдан тарта коммерциялык максатта пайдаланууга ниеттенет.

Copyright © 2017 Maral FM