Биз менен байланышыңыз

Баткенде 3 миңден ашуун Баатыр эне бар

Коом | 17 мая 2019 | 993 | 0

Бааргүл Сарыбаева — Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну, 4 кыз, 3 уулду тарбиялаган Баатыр эне. «Балдарым — байлыгым» деп эсептеген апа энелик бакытты баарынан бийик коёт. Бааргүл Сарыбаева быйыл 36 гана жашта. Жолдошу менен түтүн булатканына 19 жыл болду. Улуу кыздары мектепке кетип, ал эми кичинекейлери үйдө энесине жардамчы. Быйылкы жылы Баатыр энелердин катарын толуктап отурган каарманыбыз наам алуу үчүн керектүү документтерин өткөн жылы тапшырган.

— Менин 4 уул, 3 кызым бар.  Улуусу 11-класста, экинчиси 9-класста окуйт. Эң кичинекейим 3 жашта. 2017-жылы «Эне Даңкы» медалын алгам. Буюрса жакынкы аралыкта «Баатыр эне» наамын алганы жатам.

Бааргүлдүн жубайы Аскарали Маматов көп балалуу жаш үй-бүлө болгонуна сыймыктанат. Ал балдары менен эгин эгип, мал карап, тирилик өткөрөт. Балдарын жаштайынан эмгекке үндөп, жашоонун көзүн тапканга ар дайым үйрөтүп келет.

— Эрте турмуш кургандын пайдасын эми көрүп жатам. Балдарым — мага кол кабыш кылган негизги жардамчыларым. Жумуштар менен ары жак-бери жактарга кете турган болсок, бир-бирин карап турушат. Алла Таалам 7 перзент берди, эми ушулардын убайын көрүп жашайбыз деп үмүт кылам

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 5 миңге жакын кожолук болсо, анын 500гө жакыны көп балалуу үй-бүлө. Айыл аймактын социалдык адиси  Шамшидин Жарматов аймакта жылдан жылга Баатыр энелердин саны өсүп жатканын айтат. Алсак, быйылкы жылы  Баатыр энелердин катарына дагы 8 эне кошулган.

— Бүгүнкү күндө Кара-Бак айыл аймагында 5000ге жакын кожолукта 20 миңден ашуун калк жашайт. Арасында 307 «Баатыр эне» наамын, 176 «Эне Даңкы» медалын алган апалар бар. 

Айылда көп балалуу ата-энелер жумушсуз болгондуктан, мамлекет тарабынан жөлөк пул төлөнөт. Ал эми «Эне Даңкы» медалын, «Баатыр эне» наамын алгандарга жергиликтүү бийлик ар тараптан колдоолорду көрсөтүп келет. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө облус аймагында 3 миңден ашуун «Баатыр эне» бар.

Copyright © 2017 Maral FM