Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев суу боюнча мамлекеттик орган түзүү сунушун киргизүүнү тапшырды

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 472 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Суу боюнча улуттук кеңештин  жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Суу кодексин жүзөгө ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкө аймактарындагы калкты ичүүчү суу жана сугат суу менен толук кандуу камсыздоо маселеси көйгөйгө айланууда. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдө жыл сайын суунун кору азайып бара жатат, буга байланыштуу аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу зарыл.

«Суу ресурстары ар бир өлкө үчүн баасы жок байлык, ошондуктан, биз аны этият жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга тийишпиз. Бул маселени комплекстүү чечүү жарандардын жашоосун жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, суу объекттерин жана инфратүзүмүн реконструкциялоого тартылган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу өзгөчө маанилүү. Бул багыттагы реформаларды илгерилетүү үчүн эл аралык жана финансылык институттар көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындан тышкары, суу ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча тартылган мамлекеттик органдар арасында координацияны күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле, суу ресурстары боюнча мамлекеттик орган түзүү жана Суу боюнча улуттук кеңештин курамын кайра карап чыгуу, ага эксперт катары коомчулук өкүлдөрүн кошуу сунуштарын киргизүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM