Connect with us

Паспорт жасоодогу тендер чыры тууралуу Алина Шаикова жаңы маалымат айтты

Кыска кабар | 14 Май 2019 | 864 | 2

Алина Шаикова УКМК башчысы Кадыркуловдун Дастан Догоевге жана өзүнө болгон «таарынычы» боюнча «Маралга» комментарий берди. Буга чейин социалдык тармактарда кыргызстандыктар үчүн биометрикалык паспорттордун бланкаларын сатып алуу боюнча өткөн тендерге байланыштуу чыр чыкканы, андан соң УКМКнын иш-чаралары жана камакка алуулар УКМК башчысы Идрис Кадыркуловдун Мамкаттоонун мурдагы башчысына жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевге болгон таарынычынан улам болууда деген маалыматтар тараган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Алина Шаикова бул боюнча «Маралга» жооп берип жатып, Идрис Кадыркулов жеке өзү буга чейин Алина Шаикова менен Дастан Догоевди жолугушууга чакырганын айтты.

«Биз анын эмне максатта чакырганын билген жокпуз, жолугушууда бизди бланкалык документтерди даярдаган европалык компаниянын өкүлдөрү — 2 ишкер менен тааныштырды. Биометрикалык паспортторду жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо боюнча талкуу жүрдү. Биз дароо эле тендердик процесс жүрүп жатканын, МККнын жабдыктар боюнча муктаждыгы жок экенин билдирдик. Ал эми башка документтерди чыгаруу боюнча да маалымат берип, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын ченемдерине  ылайык 51 %дан ашык мамлекеттик үлүшү бар мекеме эч кандай тендерсиз эле даярдоого укук ала алат деген эрежелер менен тааныштырдык. Мындайча айтканда, сунушталган компаниялар менен кызматташуунун зарылчылыгы жок экенин билдирдик», — дейт Алина Шаикова.

Эске сала кетсек, МКК паспортторду даядоо боюнча өткөргөн тендердин тегерегинде чыр улам күчөп жатат. КРнын жарандарынын паспортторун даярдоодо бланкаларды сатып алуу боюнча Литвалык ЗАО «Garsu Pasaulis» ишканасы сынактын жеңүүчүсү болуп табылган.

Ушул жылдын 22-мартында УКМКнын тергөөчүсү президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди, МККнын башчысы Алина Шаикованы, «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаевди жана МККда, «Инфоком» жана Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинде иштеген бир катар кызматкерлерди текшерүүгө алуу боюнча сотко өтүнүч келтирген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана МККнын башчысынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынып, МКК башчысы Алина Шаикова кызматынан бошотулган.

30-апрелде Руслан Сарыбаев үй камагына чыгарылган. 8-майда президенттин кеңешчиси Дастан Догоев суракка чакырылган. 13-майда Талант Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM