Биз менен байланышыңыз

Индия: «Фани» бороону 64 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 449 | 0

Индиянын Орисса штатында жүргөн бороондуу шамалдын кесепетинен каза болгондордун саны 64кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, NDTV телеканалынан билдиришти.

Буга чейин 43 адамдын каза тапканы айтылган  Учурда бийлик жабыр тарткан райондордо тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ага 10 миңдей адам тартылган, арасында аскерлер да бар. Азырынча материалдык чыгымдын так саны белгисиз.

«Фани» аталышындагы циклон 3-майда, Орисса штатында катталган. Ал Индия үчүн 20 жылдын ичиндеги эң кыйратуучу табигый кырсык болду. Жамгыр чакалап куюп, ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жеткен  бороон жүргөн. Табияттын мындай көрүнүшү 1999-жылы катталып, 10 миңден ашык адамдын өлүмүнө себепчи болгон эле.

«Фани» бороону жакындаган күндөрү Индиянын Орисса штатында жашаган миллиондон ашык тургун эвакуацияланып, убактылуу лагерлерге жайгаштырылган болчу. Бир жума ичинде шаардагы аэропорттор жабылып, жалпы жол кыймылы токтотулган. Эгерде тургундар эвакуация кылынбаганда, адам өлүмү мындан да көп болмогун серепчилер белгилешүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM