Биз менен байланышыңыз

«Евровидение 2019» Тель-Авивде расмий ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 547 | 0

«Евровидение» эл аралык ыр сынагы 12-майда Израилде расмий башталды. Ага 41 өлкөдөн келген ырчылар катышууда. Салтанаттын сыйлуу коногу катары Тель-Авивдин мэри жана «Евровидениенин» буга чейинки жеңүүчүлөрү чакырылган.

Маалыматтарга ылайык, аталган шаардын коопсуздугун 20 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат. Ыр-таймаш 14-майдан 18-майга чейин өтөт.

Эске салсак, «Евровидение» сынагы 1956-жылдан бери уюштурулуп келет. Былтыркы сынакта израилдик Нетта жеңүүчү болгон. Талап боюнча, кийинки жылкы шоу жеңүүчүнүн мекенинде уюштурулат. Израиль «Евровидение» сынагында жалпы төрт ирет жеңишке жеткен. Быйылкы шоу таймаш «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM