Биз менен байланышыңыз

Каныкей Айылчиева «Аалам сулуусу-2019» аталды

Кыска кабар | 12 мая 2019 | 1152 | 0

Кыргызстандык Каныкей Айылчиева Түркия өлкөсүндө болуп өткөн сулуулук сынагын жеңип, Miss Universe Beauty-2019 аталды. Каныкей Айылчиева сынактан сулуулук, талант жана мода категорияларынан гран-приге ээ болду.

Аталган фестиваль 1-майдан 8-майга чейин Түркиянын Аланья шаарында өттү.

Сынакка Каныкей Айылчиева менен бирге 30 өлкөдөн келген сулуулар катышкан. Сынактагы эл аралык калыстар Каныкейдин улуттук жана кече көйнөктөрүн, ошондой эле анын аткаруусундагы улуттук кара жорго бийине өзгөчө баа беришкен.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын Москва шаарында уюштурулган сулуулук сынагында «Азиянын сулуусу» наамын утуп, «Аалам сулуусу» сынагына жолдомо алган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM