Биз менен байланышыңыз

Бирөөнүн паспорту менен Түркиядан учуп келген жаран кармалды

Кыска кабар | 12 мая 2019 | 460 | 0

«Манас» эл аралык аэропортуна башка бирөөнүн паспорту менен Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматы кабарлады.

Стамбул- Бишкек каттамы боюнча учуп келген кыргызстандын жараны «Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги текшерүү учурунда чек арачыларга 1994-жылы туулган кыргызстандык Г. К. кызынын ысымына жазылган жалпы жарандык паспортту көрсөткөн.

Чек арачылар паспорттогу сүрөт менен анын өң-келбети окшобогондугун аныкташкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жарандын Түркияга өзүнүн жарандык паспорту менен учканын, бирок Түркиянын аймагында калуу эрежелерин бузгандыктан, жоопкерчиликтен качуу максатында башка бирөөнүн паспорту менен алганын аныкташкан.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган аял Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM