Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өткөрүлөт

Кыска кабар | 12 мая 2019 | 572 | 0

11-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл эл аралык марафону болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбековдун марафондун катышуучуларына кайрылуусун Президенттик Аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев окуп берди.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда XXII Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык марафондун өтүп жатканын айтып, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында өтүп жатканына токтолгон.

«Спорт адамдарды бириктирет, коомдун өнүгүшү үчүн негиз түзөт. Мындан ары карай Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өткөрүлөт жана ал ШКУга катышкан өлкөлөрдүн калкы үчүн жакшы салт жана биримдиктин, достуктун майрамы болуп калат,» — деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы, Шанхай кызматташтык уюмунун Куньминдеги эл аралык марафону жана XXII Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Ысык-Көл эл аралык марафону бир туугандык байланышта боло турганына ишенимин билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM