2030-жылдан тартып калктын картаюусу кескин байкалат. Мындай маалыматты эл аралык уюмдар атайын изилдөөлөрдүн негизинде чыгарышкан. Анын катарында Кыргызстанда да миграция агымы, эненин саламаттыгына байланыштуу ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү себеп болуп, тез картаюу процесси сезиле баштаарын эскертишет. Ошондуктан, калктын узак жашоосун гана камсыздабай, сапаттуу жана активдүү жашоо образын киргизүү сунушталып келет.
Ракия апа 102 жашта. Бир кылымдан ашык өмүр сүргөн эне узак жашоонун сыры эмгекчилдик жана туура жашоо дейт.
— Жаш кезимде көп эмгек кылдым. Бардык ишти жасайт элем. Азыр эми бир аз буттарым оорубаганда, дагы эле жасай берет элем.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 7,7 %ын жашы улгайгандар түзөт. Тактап айтканда, 500 миң чамалуу улгайган адам бар. Эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, 2030-жылдарга барып Кыргызстанда картаюу процесси байкала баштайт. Буга биринчиден, калктын эмгекке жарамдуу катмарынын миграциянын агымы менен сыртка чыгуусу себеп болсо, экинчиден, энелердин ден соолугуна байланыштуу балдардын чарчап калышы да таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай маселени депутат Аида Касымалиева да көтөрүп чыккан.
— Саламаттыкты сактоо боюнча 2030-жылга чейинки план түзүп жатканда 5 жашка чейин балдар жакшы тамактанбаса, мээси өөрчүбөй калганын изилдөөлөр көрсөткөн. Натыйжада калктын демографиялык көрсөткүчтөрү начарлап жатат. Ошондой эле, эне сүтүн эмбеген, же эрте төрөлүп калган балдардын 5 жашка чейинкилеринин өлүм көрсөткүчү 40 %га жетерин көргөнбүз. Анын үстүнө, акыркы кездеги миграциянын агымы менен эмгекке жарамдуу катмар сыртка кетип жаткандыктан, алдын ала изилдөөлөр ушундай көрсөткүчтөрдү айтып жатат.
Ошондой эле, изилдөөлөрдө жашоонун орточо узактыгы да өзгөргөнү байкалган. Социалдык маселелер боюнча серепчи Бурул Сүйүналиеванын айтымында, эгерде өлкө калкынын 7 %дан ашыгын 65 жаштан жогоркулар түзсө, ал өлкөдө картаюу процесси байкала баштайт.
— 2011-жылдары атайын иликтөө жүргөн. Анда балдардын саны жалпы калктын көрсөткүчүнө алсак 30 % болсо, улгайгандардын саны 5 %дын тегерегинде болгон. Ал эми 2030-жылдарга барып диаграмма өзгөрүүсү мүмкүн. Эгерде калктын санынын 7 %дан жогоркусун жашы улгайгандар же 65 жаштан жогоркулар түзсө, ал өлкө картаюу процесси тездеген өлкөлөргө кирет.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын калкынын жашоосунун орточо узактыгы 2-3 жыл мурда 69 жаш болсо, учурда 71 жашты көрсөтөт. Адистер жылдан-жылга калктын жашоосунун орточо узактыгы да көбөйүүдө дешет. Бул биринчиден, туура дарылануудан улам болсо, экинчиден, ооруларды алдын алуунун натыйжасы дешет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы геронтологу Гүлмира Баитованын айтымында, дүйнө жүзүндө жашоо мөөнөтүн узартуу адамдардын узак гана эмес, активдүү жана сапаттуу өмүр сүрүүгө шарт түзө баштаганы себеп болууда.
— Бүгүнкү күндө адамдар өзүнүн ден соолугуна кам көрүп баштады. Ооруларды алдын алууга болгон аракеттердин натыйжасында өмүр узактыгы да көбөйдү. Азыр тамактанууга да жакшы көңүл бурушат. Бул нерселер жашоону узартууга шарт түзүүдө. Демек, эми ошол улгайгандарга шарт түзүү маселеси турат.
Белгилей кетсек, БУУнун буга чейинки жасаган баяндамасында 65 жаштан жогоркулардын саны көбөйгөнү айтылат. Учурда алардын саны Европада 19 % болсо, Түндүк Америкада 16 %ды түзөт. Бул көрсөткүчтөр 2050-жылга чейин 23 %дан 28 %га чейин көтөрүлөрү божомолдонууда. Ал эми Азия, Латын Америкада 8 %дан 18 %га чейин көтөрүлүүсү күтүлөт. Учурда жаштары эң көп деп эсептелген Африкада карылыктын көрсөткүчү 9 %га чейин жетет. «Бирок ошол жалпы улгайган адамдардын жарымы пенсия албайт», — деп айтылат маалыматта.