Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 16 миң банк кызматкери иштейт

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 584 | 0

Эгемендикти алгандан бери Кыргызстанда Улуттук банкы жана жаңы коммерциялык банктар түзүлүп, алардын ишмердигин жөнгө салган ченемдик-укуктук базанын негиздери иштелип чыкты. 1993-жылдын 10-майында улуттук валютанын — кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгарылышы бул мезгилдеги эң маанилүү окуя болду. Кыргызстан мурунку Советтик өлкөлөрдүн ичинен жеке улуттук валютасын бекиткен алгачкы мамлекет болуп саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө Кыргыз Улуттук банкы жана 25 коммерциялык банк иштейт. Алардын 18и чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Ал эми республиканын аймактарында алардын 336 филиалы иш алып барат. Банк сегментинде 16 миңге жакын адам иштейт, ал эми кардарларынын саны 3,5 миллионго жетти. 2018-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык акысы 36,5 миң сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 4,8 %га көбөйдү.

2018-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,4 %га көбөйүп, 27 млрд. сомдон ашты, ал эми бул мезгил ичиндеги чыгашалары  24 млрд. сомго жакын болуп, 7,4 %га көбөйгөн.

2018-жылдын жыйынтыгы менен 21 банк 3,8 млрд. сом суммасында пайда алды, ал эми 4 банк чыгым (0,5 млрд. сом) тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 3 млрд. сомдон ашык пайданы түздү, бул 2017-жылга караганда 38 %га көп.

2018-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 13 %га көбөйүп, 220 млрд. сомду түздү.

Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели анын 2017-жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 17,6 %га көбөйүп, 2018-жылдын аягына карата 127,9 млрд. сомду түздү.

2018-жылы жеке жактардын депозиттерине 10 млрд. сомго жакын каражат тартылды, бул алардын 2017-жылдын көлөмүнөн 8 %га аз. Калктын өткөн жылдагы салымдарынын калдыктарынын суммасы 15 %га көбөйүп, жылдын аягына карата 75,5 млрд. сомду же коммерциялык банктардын суммардык активдеринин 34 %ынан көбүрөөгүн түздү.

Copyright © 2017 Maral FM